Кесиптик-профилдик практика алдындагы конференция өткөрүлдү

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2025-жылы 19-сентябрда 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практика алдындагы конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Ч.А.Асылбекова, кафедранын практика жетекчилери жана 4-курстун студенттери катышты. Студенттер бөлүнгөн мектептери, практика жетекчилери, практиканын мөөнөтү жана жол карта менен таанышты. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди. Конференция суроо-жооптор менен коштолуп, акырында студенттерге каалоо-тилектер айтылды.