1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Иш берүүчүлөр менен интервью

Жалал-Абад шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Көкөнбай уулу Нурбек

-Саламатсызбы, Нурбек мырза. Алгач, ЖАМУ тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Саламатсыздарбы. Ооба, албетте бар, мен өзүм ЖАМУнун бүтүрүүчүсүмүн. Аталган окуу жайды 2001-жылы ийгиликтүү аяктагам. Азыркы кезде Жалал-Абад шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин англис филологиясы кафедрасында эмгектенип, студенттерди окутуп, тарбиялап билимимди жайылтып келемин. Бул өлкөбүздөгү белгилүү жогорку окуу жайлардын бири. Ар кандай багыттар боюнча адистерди даярдап келет. Өзгөчө региондорду кадрлар менен камсыз кылууда чоң ролду ойнойт.

-Сиздин мекемеңизге ЖАМУдан практикага келген студенттер болгонбу? Эгер болсо, алардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырдыбы?

-Ооба, акыркы бир нече жылда ЖАМУдан бизге практиканттар келип жатышат. Жалпысынан алардын теориялык даярдыгы жогору, сабак өтүүнүн ыкмаларын билишет. Убакытты туура пайдаланышат. Өз кесибине болгон кызыгуусу менен айырмаланат. Албетте, практикада үйрөнө турган нерселер көп, бирок негизги компетенциялар боюнча канааттандырарлык деңгээлде деп айта алам. Өзгөчө педагогика, экономика жана IT багытындагы студенттер өздөрүн жакшы көрсөтүштү.

-ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?

-Менимче, ЖАМУнун келечеги кең. Окуу жайдын тарыхы бар. Көптөгөн илимпоздор студенттерге билим берип татыктуу адистерди даярдап келишет. Алардын жазган илимий иштери жана макалалары окуу жайларда кенири колдонулуп жатат. Университет заманбап технологияларды, эл аралык тажрыйбаны интеграциялаган, региондук гана эмес, улуттук деңгээлдеги мыкты окуу жай деп эсептейм. Студенттердин сапатын арттыруу, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүү жана рынокко багытталган билим берүү-бул келечек үчүн абдан маанилүү багыттар.

-Пикириңиз үчүн чоң рахмат! Кесиптештик жана билим берүү жаатындагы колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Жалал-Абад шаарындагы К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин алдындагы Кыргыз-Түрк лицейинин директору Кеңешова Элиза Белековна

-Саламатсызбы, Элиза Белековна. ЖАМУ тууралуу маалыматыңыз барбы?

-ЖАМУда алган билимим менин кесиптик жана инсандык өсүшүмө чоң таасирин тийгизди. Бул университет-терең билим берүү менен катар, жаштарга өз алдынча ой жүгүртүүнү, жоопкерчиликти жана мекенге кызмат кылуу сезимин тарбиялаган окуу жай.

-Сиздин мекемеңизге ЖАМУдан практикага келген студенттер болгонбу? Эгер болсо, алардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырдыбы?

-Практикага келген студенттерден жакшы сапаттар байкалат. Алар түшүнүктүү сүйлөйт, кесиптик этиканы сактоого аракет кылышат. Албетте, өсүүгө муктаж жагдайлар бар, бирок негизги потенциал абдан жакшы. Бул ЖАМУнун сапаттуу билим берүүгө болгон аракетинин натыйжасы деп эсептейм.

-ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?

-Мен ЖАМУнун келечегин замандын талабына ылайык жаңыланып, теория менен практиканы айкалыштырган, регионалдык гана эмес, республикалык жана эл аралык деңгээлде атаандаша алган университет катары көрөм. Мыкты мугалимдер жамааты, илимий изилдөөлөргө көңүл буруу жана студенттердин активдүүлүгүн колдоо-булардын баары ЖАМУнун күчтүү тарабы. Мен сыймыктанам, анткени менин кесиптик жолум дал ушул университеттен башталган!