1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

16

ЖАМУнун бүтүрүүчүсү менен илимий кызматташтык жана тажрыйба алмашуу жолугушуусу

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасында ЖАМУнун бүтүрүүчүсү менен илимий кызматташтык жана тажрыйба алмашуу жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун өзгөчө коноктору – филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын мыкты бүтүрүүчүсү, учурда Москва областтык университетинин М. Р. Львов атындагы башталгыч жана филологиялык билим берүү кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Анара Адилбековна Касымбекова жана анын жолдошу, Москва мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Алексей Владимирович Юдин болушту.

Коноктор магистранттар жана окутуучулар менен илимий-изилдөө иштеринин өзгөчөлүктөрү, изилдөө процессинде кездешкен негизги кыйынчылыктар жана аларды жеңүүнүн жолдору тууралуу тажрыйба бөлүштү. Анара Адилбековна өз сөзүндө учурда кош тилдүүлүк жана инофондордун тил үйрөнүүсүндө кезигүүчү маселелер темасы өтө актуалдуу болуп жатканын белгилеп өттү. Ошондой эле жакында ушул багытта окуу куралы даярдалып жатканын кубаныч менен айтып, китептин мазмуну жана колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берди.

Коноктор Жалал-Абад мамлекеттик университети менен мындан ары да илимий кызматташтыкты тереңдетүү ниети бар экенин билдиришти. Айрыкча, студенттер жана окутуучулар үчүн  конок лекцияларды уюштуруу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий-изилдөө практикаларын өткөрүү жана инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу пландары бар экенин айтышты.

Жолугушуу абдан жылуу жана ишенимдүү маанайда өтүп, катышуучулар көп пайдалуу маалымат жана шыктандыруучу пикир алышты.