Англис тилин үйрөнүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасында тажрыйбалуу адистердин катышуусунда конок лекция уюштурулду.
Лекциянын конок лекторлору — англис тили жана адабияты кафедрасынын мыкты бүтүрүүчүсү, учурда Москва областтык университетинин М. Р. Львов атындагы башталгыч жана филологиялык билим берүү кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Анара Адилбековна Касымбекова жана Москва мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Алексей Владимирович Юдин болушту.
Конок адистер магистранттарга илимий изилдөө иштерин туура уюштуруу, теманы тандап алуу, маалымат топтоо ыкмалары жана англис тилин кыргыз тили аркылуу натыйжалуу үйрөнүүнүн жолдору боюнча пайдалуу маалыматтарды айтып беришти. Ошондой эле лекция жүрүшүндө катышуучулар менен ой бөлүшүп, магистранттардын суроолоруна кеңири жана кызыктуу жоопторду беришти.
Бул жолугушуу студенттер үчүн жаңы тажрыйба жана мотивация берди.