КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2025-жылы 4-июнда 3-курстун студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Ч.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери жана 3-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер практика тууралуу маалымат беришип, кесиптик-базалык практика учурунда аткарылган иштер боюнча презентация жасашты. Студенттер практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет берип, бааларын коюшту. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.