1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

52

ЧЕТ (АНГЛИС) ТИЛИ ПРОФИЛИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

       Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан чет (англис) тили профилинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Эл аралык заманбап университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Көкөнбай уулу Н., ЖАМУнун ЖАПК колледжинин англис тили мугалими С.Малабекова, К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин чет тилдер жана котормонун теориясы, практикасы кафедрасынын окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Г.Жапарова, Жалал-Абад шаарындагы №18 орто мектептин англис тили мугалими Э.Калбекова жана ЖАМУнун экономикалык-юридикалык колледжинин окутуучусу катышышты. Бүтүрүүчүлөр бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу планын, НББП, тандоо курсун, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулашты. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.