1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

57

ИШ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА ЭКСПЕРТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан иш берүүчү жана эксперттер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Эл аралык заманбап университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Көкөнбай уулу Н., ЖАМУнун ЖАПК колледжинин англис тили мугалими С.Малабекова, К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин чет тилдер жана котормонун теориясы, практикасы кафедрасынын окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Г.Жапарова, Жалал-Абад шаарындагы №18 орто мектептин англис тили мугалими Э.Калбекова катышышты. Иш берүүчү жана эксперттер менен бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу пландары, НББП, тандоо курсу, бүтүрүүчүнүн модели, практиканын жумушчу программалары жана жол картасы талкууланды. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.