Магистранттар алдын ала коргоодон ийгиликтүү өтүштү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ(Ат)маг-1-23 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 22-май күнү илим изилдөө иштери боюнча алдын ала коргоодон ийгиликтүү өтүштү.
ФББ(Ат)маг-1-23 тайпасында 5 магистрант илим изилдөө иштери боюнча алдын ала коргоодон өтүштү. Бардык магистранттар өздөрүнө бекитилген илимий темаларынын үстүндө илимий жетекчилеринин жалпы жетекчилигинде иш алып барышты.Тиешелүү магистрдик программаларынын тармактарындагы актуалдуу проблемаларды өз алдынча толук изилдеп жана логикалык жактан толук бүткөн илимий –изилдөө мүнөзүндөгү иштерин магистранттар алдын ала коргоого алып келишкен. Идиома, стилистикалык каражаттарды, англис тилинин окутуунун интерактивдүү усулдарын жана англис тилинин билим берүү системасындагы ролун изилдешти. Алдын ала коргоого магистранттардын илимий жетекчилери жана кафедранын мүчөлөрү катышышты. Магистранттар изилдеген илимий иштери боюнча авторефераттары жөнүндө да айтып беришти. Илимий жетекчилер магистранттарга өздөрүнүн кеп-кеңештерин, ой-пикир, сунуштарын айтышып, ийгиликтерди каалашты.