Чет (англис) тили профилинин ЧТк-2-24 тайпасынын студенти ОшМУда мобильдүүлүктө

Б.Осмонов атындагы филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-24 тайпасынын студенти Равшанбекова Сумая ушул окуу жылдын 2-семестринде Ош мамлекеттик университетинин филология институту, маданияттар аралык байланыш факультетинде мобилдүүлүктү өтөп келди. Сумая мобилдүүлүк учурунда сабактарга кызыгуу менен катышып, ал жактагы тажрыйбалуу окутуучулардан билим алып ийгиликтүү аяктап, сертифкат алып келди.