1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

15

Жумуш ордунда окутуу менен кесиптик-базалык практиканы эффективдүү жүргүзүү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары 2025-жылы 24-майда А.Д.Керимбердиева жана Г.А.Орозбаева кесиптик-базалык практика учурунда Сузак районундагы №90 Манас орто метебине барып, аталган мектепте кесиптик-базалык практикасын өтүп жаткан ЧТк-2-22 тайпасынын студенти К.Араповдун ачык сабагына катышып, ошону менен бирдикте мектептеги студент-практиканттарга жумуш ордунда окутуу боюнча иш жүргүзүштү. Бул алкакта кафедранын окутуучулары студенттерге окутуунун эффективдүү усулдары, тиркемелер, сабактарга анализ жазуу жана практика учурундагы кыйынчылыктар тууралуу усулдук кеңеш берүү максатында кезектеги иш-чараны өткөрүштү. Сабактардан кийин окутуучулар студент практиканттардын ой-пикирлерин угуп, студенттерге усулдук кеңештерди берип, окуу процессин эффективдүү жүргүзүү боюнча керектүү маалыматтарды сунушташты. Жумуш ордунда окутуу - бул студенттердин кесиптик көндүмдөрүн реалдуу шартта өнүктүрүүгө багытталган эффективдүү жолу. Ал келечектеги мугалимдердин чыгармачылык потенциалын ачып, билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташуунун пайдаларын көрсөтөт.