1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

14

Кесиптик-базалык практика учурунда жумуш ордунда окутуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д.Керимбердиева жана Н.А.Ташиева кесиптик-базалык практиканы уюштуруу аркылуу студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип келет. Бул алкакта кафедранын окутуучулары Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, жумуш ордунда окутуу максатында бул мектепте кесиптик-базалык практикада жүргөн ЧТ-1-22 жана ЧТк-2-22 тайпаларыныны студенттерине окутуунун эффективдүү усулдары, тиркемелер, сабактарга анализ жазуу жана практика учурундагы кыйынчылыктар тууралуу усулдук кеңеш берүү максатында кезектеги иш-чараны өткөрүштү. Сабактардан кийин окутуучулар студент практиканттардын ой-пикирлерин угуп, студенттерге усулдук кеңештерди берип, окуу процессин эффективдүү жүргүзүү боюнча керектүү маалыматтарды сунушташты. Жумуш ордунда окутуу - бул студенттердин кесиптик көндүмдөрүн реалдуу шартта өнүктүрүүгө багытталган эффективдүү жолу. Ал келечектеги мугалимдердин чыгармачылык потенциалын ачып, билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташуунун пайдаларын көрсөтөт.