1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

96

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги конок лекция

2025-жылдын 15,16-май күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты

Г.А. Орозбаева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун чакыруусу менен Бишкек шаарында конок лекция өтүп келди.

Конок лекция институттун фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, “Котормонун теориясы жана практикасы” сабагынын алкагында “Types of translation” жана “Sociocultural aspects of translation” темаларында профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге арналган. Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар менен котормо таануу илими боюнча ой бөлүшүүлөр, актуалдуу маселелер талкууланды. Конок лекциянын жыйынтыгында Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун жетекчилиги тарабынан Г.А. Орозбаевага ыраазычылык каты тапшырылды.