1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

51

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2025-жылы 29-апрелде 2-курстун студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыгы боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулары К.Төрөева, Г.Темирбаева, кафедрадагы практика жетекчилери жана 2-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер практика тууралуу маалымат беришип, адаптациялык-педагогикалык практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүп, презентация жасашты. Практика жетекчилери өз кезегинде отчет берип, бааларын коюшту. Конференция суроо, жооптор менен коштолду.