Кыргызстан-Өзбекстан ЖОЖдору ортосундагы кызматташтык бекемдөөдө

Астыбыздагы жылдын 5-апрелинде "Кыргызстан-Өзбекстан жогорку окуу жайлары" ректорлорунун эл аралык форумунун алкагында түзүлгөн макулдашууларды ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун ректору филол. и. д., профессор Рустамов Дилшодбек Абдувахидовичтин жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору т.и.д. профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин атынан жогоруда аталган эки жогорку окуу жайдын ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү.
Келишимде эки окуу жайында билим берүү, социалдык-маданий ж.б. кызматташтыктын алкагында адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле студенттер, магистранттар, аспиранттар, докторанттар, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын жана ушул тармакта билим берүүнүн кош дипломдуулук программасын ишке ашыруу максатында эки тараптуу макулдашуу түзүлдү.
Келишимди түзүүгө Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун окуу иштери боюнча проректору, филологиялык илимдер боюнча философия илимдеринин доктору (PhD) Курбанов Эльбек Элмуродович, филология илимдеринин доктору, профессор Мирзахидова Миясар Инамжановна жана филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Калмуратова Айша Орозбаевна катышты.