1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ  КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2025-жылы 4-апрелде 2-курстун студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасы алдындагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова, Н.С.Жолдошалиева, филология факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Ч.А.Асылбекова англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери жана 2-курстун студенттери катышышты. Конференцияда студенттер адаптацтялык-педагогикалык практика боюнча маалымат берилип, практиканын максаты, мөөнөтү жана жыйынтыгында тапшырулуучу документтердин тизмеси менен тааныштырылды. Студенттер адаптациялык-педагогикалык практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген илимий теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүшөт.