Магистранттардын илимий иштерин талкулоо

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Г.А.Орозбаева 2025-жылдын 2-апрелинде ФББ (АТ)-МАГ-1-23 тайпасынын магистранттары Атакелдиева Д.,Толубаева М., Жолдошалиева М. менен магистрдик иштери боюнча талкуу өткөрүштү. Магистранттардын жазган макалаларын карап чыгып, Россиянын илимий цитатасынын индекси (РИНЦ) журналдарына берүү боюнча сунуштарын берди. Илимий жетекчи магистрдик иштеринин практикалык бөлүгүн карап чыгып, сунуштарын берди. Магистранттардын илимий иштерин алдын ала коргоого чейин антиплагиат программасынан өткөрүү керектигин айтып, жобосу менен тааныштырды.