1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

48

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

       Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Эл аралык заманбап университетинин англис филологиясы кафедрасынын башчысы Көкөнбай уулу Н., ЖАМУнун ЖАПК колледжинин англис тили мугалими С.Малабекова, К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин чет тилдер жана котормонун теориясы, практикасы кафедрасынын окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Г.Жапарова, Жалал-Абад шаарындагы №18 орто мектептин англис тили мугалими Э.Калбекова катышышты. Бүтүрүүчүлөр бакалавр жана магистратура академиялык даражаларынын окуу планын, НББП, бүтүрүүчүнүн моделин, практиканын жумушчу программаларын жана жол картасын талкуулашты. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.