Тилим менен -улуумун

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-23 тайпасынын куратору Гулбара Жороева тарабынан “Тилим менен - улуумун” деген аталышта тарбиялык ачык саат өткөрдү. Тарбиялык ачык саатта ар бир тилдин орду, коомдогу ролу, ошондой эле эне тилдин кадыр баркы жөнүндө ырлар айтылып, слайд көргөзүлду. Студенттер ар түрдүү тилдерде саламдашып, ар бир тилдин өзгөчөлүгүн даңктап, ар улуттун ырларын ырдашып, бийлерин бийлешти. Төкмөлүк саламдашуу, Манас айтуу, тил жөнүндө ырлар көркөм окулуп, кызыктуу оюндар да катышуучуларга көрсөтүлдү. Тарбиялык ачык саатка катышкан окутуучулар ата-бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, эне тилибизди дүйнө элдерине тааныта билүү – ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз экенин белгилешти.