- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ЖАМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Жалал-Абад шаарына караштуу Ж.Болотов атындагы №21 орто мектеп- мекемеси биздин адистик менен тыгыз иштешип келет. Аталган мектепке практика боюнча база ачылган. Ал жерде бир топ иш-чаралар, мастер класстар өткөрүлүп, студенттерге методикалык жардамдар көрсөтүлүп келет. Андан сырткары биздин кафедра мүчөлөрү менен мектеп администрациясы жакындан жолугушууларды өткөрүп тажрыйба алмашып турушат. Биз мектептин директору менен түзмө-түз отуруп маектешүүнү туура көрдүк.
- Саламатсызбы, Жанаткан Батырбековна, иш берүүчү катары сизден бир-эки суроого интервью алайлы дегенбиз.
-Сиздин ЖАМУ жөнүндө маалыматыңыз барбы?
-Албетте бар, мен өзүм ушул окуу жайдын филология факультетин аяктагам.
-ЖАМУдан барган практиканттардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырабы?
-Ооба, жетекчи катары 10 жылдан ЖАМУнун башталгыч билим берүүнүн методикасы профили боюнча окууган студент-практиканттарды кабыл алып иштешип келебиз. Ал жактан келген студенттер өз ишин так, туура аткарышат, анан да жоопкерчиликтүү, окуучулар менен бат тил табыша алышат. Практиканын аягында ыраазычылык каттарга ээ болуп кетишет. Бизде көпчүлүк мугалимдерибиз ЖАМУда окуп билим алып аяктагандар иштешет. Жаш кадрларыбыздан Айжан Камбаралиевна, Ирисова Нуриза деген кесиптештерим быйыл магистратура бөлүмүн аякташты. Бизде 5 жылдан бери эмгектенишет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарыбыз чыгармачылык менен иштеп келишет. Алар биринчиден ЖАМУнун жүзү, андан соң биздин жүзүбүз болуп эсептелишет.
-ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?
-ЖАМУ шаарыбызда жападан жалгыз мамлекеттик университет жана башка окуу жайларга караганда бир топ билим берүү системасы мыкты жана жогору. Жакында эле өзгөчө макам алганын уктум, демек ЖАМУ өнүгүү жолунда.......
Ала-Бука району, Сафед-Булан айылы N-46" Багы-Шамал" жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Каримов Акмалжон Абдураимович пед стаж 16 жыл
- Сиздин ЖАМУ жөнүндө маалыматыңыз барбы?
- Саламатсыздарбы. Сурооңуз үчүн рахмат. Албетте Жалал-Абад областындагы ЖОЖдордун флагманы аталган, белгилүү коомдук ишмер Б.Осмонов атын алып жүргөн ЖАМУнун атагы бир топ жерге белгилүү болуп калды. Мен дагы окуу жай түзүлгөндөн баштап эле билим берүү багытында эриш – аркак, тыгыз байланышта иш жүргүзүп келейтабыз. Биздин бүтүрүүчүлөр дагы өз билимин жогорулатуу үчүн сиздердин окуу жайдан билим алып келишет.
- ЖАМУдан барган практиканттардын билим деңгээли, кесиптик компетенциялары сизди канааттандырабы?
- ЖАМУдан практиканы өтөө үчүн жана жумушка келген студенттер өз адистиги боюнча тасыккан адис экендигин далилдеген учурлар көп эле болуп келет. Алардын кесиптик компетенциялары заман талабына ылайык жогорку деңгээлде деп айтууга толук негиз бар.
- ЖАМУнун келечегин сиз кандай көрөсүз?
- Окуу жайдын босогосунда жазылып коюлгандай: ЖАМУ- көп ийгиликтердин ачкычы. Келечекте республикада эле эмес дүйнөлүк аренадагы окуу жай катары элестетем. Анткени ага толук мүмкүнчүлүк да, негизда бар.