- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Кесиптик багыт берүү иш-чарасы болуп өттү

2025-жылдын 30-майында Жалал-Абад педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесибин тандоодо туура багыт берүү жана эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер жөнүндө кеңири маалымат берүү болду.
Иш-чарага Жалал-Абад педагогикалык колледжинин окутуучулары жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценттери Г.У. Рыскулова жана Ж.К.Тажибаевалар катышып, ар кандай багыттагы адистиктер тууралуу презентация жасашты. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында, 2025-2026-окуу жылына талапкерлерди кабыл алуу үчүн алдын ала жүргүзүлгөн аңгемелешүүнүн негизинде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы” профили боюнча 2-курска тапшырууга сунушталган күбөлүктөр бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттырып, туура жана өз алдынча тандоо жасоосуна өбөлгө болду.