- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ УЛАНУУДА...

Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордун флагманы аталган “Данк” ордендүү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик окуу жайыбызды даңазалоо, 2025-2026-окуу жылына карата талапкерлерди кабыл алуунун алкагында кесипке багыт берүү иштери педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында бир топ мезгилден бери кызуу жүрүп келет. Бул күнү 2025-жылдын 30 - майындагы иш сапарыбызда Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад гуманитардык-педагогикалык колледжинде болдук. Алгач колледждин директору А.А. Гаипованын макулдугу менен администрациясынын кабыл алуусунда болуп, андан соң өз жумушубузду баштадык. Бизди окуу жайдын жамааты жана бүтүрүүчү студенттери жылуу кабыл алышты. Аталган окуу жайда педагогика багытында кыргыз жана орус тилдүү тайпаларда жалпысынан 100гө жакын студент быйыл бүтүрүүчүлөр экендиги анык болду. Жогорку аталган окуу жайдагы бүтүрүүчүлөр менен биздин окуу жайдын шарттары, адистиктер жөнүндө кызуу талкуу болду. Педагогика адистигине кызыккан айрым бүтүрүүчүлөр, ЖАМУнун кабыл алуу сертификаттарына ээ болушту. Кесипке багыттоо иштерин уюштурууга катышкан ППОТ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов, улук окутуучулар С.Ч. Осмоналиева жана А.К. Шишкараевалар колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн биздин окуу жай жөнүндөгү ар кандай мазмундагы суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун акырында ЖАГПКнын администрациясына өз ыраазычылыгыбызды билдирип кайттык. Кош келипсин, бүтүрүүчү демекчибиз!