- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Көп тилдүү билим берүү тутуму-студент практиканттын кесипкөйлүгү

Окуу жайдын миссиясында көрсөтүлгөндөй эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн, адистиги боюнча көндүмдөргө ээ болуу гана эмес, көп тилдүү билим берүүнүн алкагында адистерди даярдоону педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы ишке ашырууда. Ушул максатта П-1-23 тайпасы адаптациялык-педагогикалык практикада Жалал-Абад шаарындагы 7, 13, 5, 8, 10- мектептерде окуу-тарбия процессинде болуп кайтышты. Көрсөтүлгөн мектептер көп тилдүүлүк программасы менен иштешкендиктен практикант үчүн иштөө жеңил болду. Илимий изилдөө иштер боюнча Асанова Тахмина “Башталгыч класс окуучуларына сабакка көңүл буруудагы физминутканы уюштуруу”, Дайырбек кызы Зейнеп “SWOT анализ боюнча маалымат” темасы боюнча презентация жасашты. Студенттер менен суроо-жооп, кызуу талкуу болду. Методисттер суроолорго так жоопторду бере алышты. Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, кафедра башчысы п.и.к. Г.Э.Маатазимова жана профессор С.С.Сакиева, улук окутуучулар А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева, окутуучулар Н.М.Мокуева, Раимкул кызы Айжамалдар катышты. Конференцияны кафедранын практика жетекчиси А.К.Шишкараева алып барды.