- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Кесиптик базалык жана кесиптик профилдик практика: жетишкендиктер жана көйгөйлөр

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында Пс-1-20 жана Пс-1-21, Пс-2-21, Пс-3-21, МЧББс-1-21 тайпалары менен кесиптик базалык жана кесиптик-профилдик практика боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.
Кесиптик базалык практикада студенттер теориялык билимин бекемдеп, келечектеги кесиби боюнча иш жүзүндө тажрыйба топтошту. Ар бир студент практикант кесиптик көңдүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрө алды.
Ал эми кесиптик профилдик практикада жалпы билим берүүчү мектептерде окуу программаларынын, окуу китептерине өз талдоолорун жүргүргүзгөн учурлар да бар. Өз көз караштарын билим берүү процессинде байкап көрүшүп, инновацияларга, тажрыйбаларга, өзгөчөлөнгөн окуучуларга, долбоордук иштерге болгон изилдөө темалары менен жыйынтыктоочу конференцияда бөлүшө алышты.
Ал эми кафедра тарабынан дайындалган методисттер доцент Г.У. Рыскулова, улук окутуучулар А.А.Акматов, А.Э.Торобекова, С.Ч.Осмоналиева, Г.К.Темирбаева, окутуучулар Н.Ш.Мокуева, Ж.Нишанбаева, Раимкул кызы Айжамалдар өз сунуштарын билдиришти.
Практика жана керьера бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева катышып, иш ордунда этиканын жана кесиптик маданияттын мааниси педагогикалык адистерди даярдоодо орду чоң экендигин айтып өттү.
Кафедранын практика боюнча жетекчиси А.К.Шишкараева сырттан окуу бөлүмүндөгү студент-практиканттар менен практиканын конференциялары 2024-2025-окуу жылында оф-лайн форматында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.