- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ЖУМУШ ОРДУНДА УЮШТУРУЛГАН САБАК

Билим берүү системасын башкаруу — бул билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн уюштуруу, координациялоо, көзөмөлдөө жана өнүктүрүү процессин камтыган комплекстүүлүк. Ал мамлекеттин билим берүү саясатынын негизинде жүргүзүлөт жана билим сапатын жогорулатууга, тарбиялык иштерди өркүндөтүүгө, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Бул максаттарды көздөй Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы орто мектебинде жумуш ордундагы практикалык сабак уюштурулуп, ага Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу Шишкараева Ажар Козубаевна жетекчилиги менен ЧТк-2-23 тайпасынын студенттери катышты.
Сабакты уюштуруу жана өткөрүүдө мектеп директору Г.К.Токоматова, окуу иштер боюнча директордун орун басары Г.Ункурбаева жана мектептин медициналык айымы Т.А.Кокоева өз салымдарын кошушту. Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттердин педагогикалык тажрыйбасын бекемдөө жана билим берүү процесси менен түздөн-түз таанышуу болду.
Сабак учурунда катышуучулар педагогикалык чеберчилик, окутуунун заманбап ыкмалары жана мектептеги билим берүү чөйрөсү менен жакындан таанышышты.