- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
Көп тилдүү чөйрөдө студент практиканттын ролу

5-апрель күнү педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасында көп тилдүүлүк негизги билим берүү программасы боюнча билим алып жатышкан П-1-23 тайпасы адаптациялык-педагогикалык практикада болочок мугалимдер көп тилдүү билим берүү чөйрөсүндө иштөөгө багыт алышты. Бул практика – теория менен практиканы айкалыштырып, көп тилдүүлүк программасы менен окуган класстарда педагогикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүшөт. Программа окуучулардын тилдик компетенцияларын, маданий аң-сезимин жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт. А студент-практиканттар үчүн бул практика билим берүүдөгү чыныгы шарттарга ыңгайлашуусу үчүн уюштурулган. Негизги максатыбыз:
- Көп тилдүүлүк шартындагы билим берүү процессине көнүү;
- Ар кандай тилде окуу ресурстарын колдонуу тажрыйбасын алуу;
- Балдардын тили, маданияты, билим деңгээлине жараша иш алып баруу;
- Мугалимдин ролу жана милдеттери менен таанышуу.