1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

89

1

ЖОЖдордо иш берүүчүлөрдүн орду

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы иш берүүчүлөр менен кызматташтык максатында жалпы билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында тегерек стол уюштурду. Бул кызматташтык төмөнкү багыттардагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап, жыйынтыктуу пикирлер сунушталды:

-иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык окуу программаларын жаңыртуу;

-эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрдү аныктоо жана аларды окуу программасына киргизүү;

-билим берүү стандарттарын жана методикаларын өркүндөтүү.