- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Физиканы окутуунун методикасы боюнча Кыргызстандагы белгилүү окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор М.М.Тайировдун 70 жылдыгына арналган “САНАРИПТЕШТИРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕГИ ФИЗИКА ИЛИМИНИН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан 2024-жылдын 15-ноябрында уюштурулду. Конференцияга педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, п.ид. С.С.Сакиева, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева, БАС кафедрасынын улук окутуучусу А.Т.Термечикова катышты. Конференцияга Казак жана Өзбек Республикасынын, ОшМУнун, ЖАМУнун, КУУнун, КМУнун, НМУнун, ЫМУнун, ОшМПУнун,КӨЭАУнун окумуштуулары катышты. ЖАМУнун окутуучулары 4-секциядагы п.и.д., профессор М.Колдошов жетектеген секцияга катышып, профессор С.С.Сакиева “Адабий окууда текстти талдоодо колдонулуучу технологиялар”, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева “Жазуу маданиятына арналган эмгектердин табияты”, улук окутуучу А.Т.Термечикова “Башталгыч класста долбоордук ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу” деген темадагы докладдарын окушту. Окутуучулар өздөрүнүн темаларынын актуалдуулугун, аларды колдонуунун технологияларын сунушташты. Докладдар суроо-жооптор менен толукталды. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Конференциянын жүрүшу, уюштурулушу максатына жетти.