1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

99

1

БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: АЛАРДЫ КОЛДОНУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР

2024-жылдын 15-ноябрында М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору С.С.Сакиева, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева, башкаруу системасын  автоматташтыруу кафедрасынын улук окутуучусу А.Т.Термечикова педагогикаллык багытта билим алып алып жаткан студенттер үчүн  “Башталгыч класста долбоордук ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу” деген темада конок лекция өтүштү. Жасалма интеллектин башталгыч класста колдонулушу, аларды практикалоо боюнча А.Т.Термечикова жалпы маалымат жасады. Алар боюнча слайддар, колдонуунун жол жоболору, практикада колдонуунун жолдору  берилди. Башталгыч класста жасалма интеллекти адабий окуу сабагында колдонуунун жолдору, алар менен иштөөнүн формалары жана методдору боюнча профессор С.С.Сакиева, жасалма интеллектин окуучунун жазуу маданиятын калыптандыруудагы орду, аларды сабакта колдонуунун технологиялары боюнча С.Ч.Осмоналиева маалымат жасады. Башталгыч класстагы колдонулуучу технологиялардын адабий окуу, жазуу, мен жана дүйнө, математика сабактары боюнча билдирүү жасалды. Маалыматтар боюнча студенттер, окутуучулар тарабынан суроо-жооптор болду, аларды толуктоо менен лекциянын мазмунун чечмеленди. Конок лекция кызыктуу, жандуу өттү. Лекцинын уюштуруучуларына кафедранын окутуучулары жана студенттери тарабынан ыраазычылык билдиришти.