- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
БАРПЫ-ДҮЙНӨЛҮК КЛАССИКАНЫН ҮЛГҮСҮ
Быйылкы жылы Азия чөлкөмүндө эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк адабиятта өз орду бар, философ төкмө акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы жер жерлерде белгиленип келүүдө. Бул темадагы иш-чаралар Б. Осмонов атындагы ЖАМУда да старт алган. Окуу жайдын Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын Пмаг-1-23, П-1-21, Пк-2-21 тайпаларынын катышуусунда “Барпы-дүйнөлүк классиканын үгүсү” аталышындагы илимий тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун модератору п.и.к., доцент К.М. Ураимов конокторго сөз берип жатып, Барпы жөнүндө айтып, эскерип кеткен инсандардын учкул сөздөрүнө токтолуп кетти. Тегерек столду ППОТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Г. Маатазимова ачып, ал өз сөзүндө Барпы Алыкулов менен жердеш болгонуна сыймыктанарын жашыра алган жок. Акындын ар тараптуу тематикага бай чыгармаларына токтолду. Профессор С.С.Сакиева улуу даанышмандын балдарга арнаган чыгармаларына токтолуп, андагы дидактикалык маселелердин жогорку денгээлде жолго коюлганын, бирок, ошого карабай учурда окуу программасында өтө аз өлчөмдө берилип калганы актуалдуу экендигин белгилеп кетти. Анткени анын чыгармаларынын тили өтө жөнөкөйлүлүгү менен өзгөчөлөнөт. “Барпы -ааламдашкан төкмө” аталышындагы илимий баяндама жасаган ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова өтө кызыктуу маалыматтарды берди. Анын баяндамасында ар тараптуу иликтөөгө алынган аалам сырлары дал ушул акындын чыгармаларына да таандык экендиги белгиленген. Жаштар комитетинин төрагасы А.А. Усеновдун кызыктуу баяндамасы жана суроолору, тегерек столду шанга бөлөдү. Ал жаштар темасына кайрылып, ошондогу жаштар менен учурдагы жаштардын жүрүм-турумуна токтолду. Анда эн негизгиси сүйүү темасы козголду. Аталган тегерек стол Барпынын “Мөлмөлүм”деген ырын хор аткаруу менен жыйынтыкталды. Иш чарага катышкан конокторго ыраазычылык айтылды. Иш-чара ППОТ кафедрасынын доценти К.М. Ураимов, улук окутуучу А.К. Шишкараева, окутуучу Н.Ш. Мокуева жана Пмаг-1-23, П-1-21, Пк-2-21 тайпаларынын суденттери тарабынан уюштурулган.