- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы
- Жаңылыктар
ПРАКТИКАДА КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫ УЮШТУРУУ
П-1-22 тайпасынын адаптациялык-практикалык практикасын жыйынтыктоо максатында кайтарым байланышты уюштуруу иретинде мастер-класс өтүлдү. Иш-чаранын уюштуруучусу, улук окутуучу А.К.Шишкараева. П-1-22 тайпасы өтөгөн адаптациялык-педагогикалык практиканы уюштуруунун кайтарым байланышы боюнча практика жана карьера болүмүнүн жетектөөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева мастер-класс өттү. Мастер-класс илим-изилдөө практиканы уюштурууга багытталды. Практикада илим-изилдөөнү уюштурууда студенттин (студент - изилдөө багытын камсыз кыла алат, ээ боло турган адистигин талдай алат, алган билимин ар тараптан кеңейте алат, курчап турган чөйрөнү аңдап-сезүү көндүмүнө ээ болот, ар кандай кырдаалдардан оңой чыгуу себептерин таба алат, маалыматтарды конкреттүү-образдуу сүрөттөй алат), жаны сапаттары калыптанат (демилгелүүлүк, инновациялуулук, системалуулук, мобилдүүлүк, динамикалык, ийкемдүүлүк), илимий изилдөөгө мүнөздүү негизги этаптары (тема тандоо, адабияттар менен таанышуу, изилдөө методикасын өздөштүрүү, материал чогултуу, талдоо, жалпылоо, корутунду), адабияттар менен таанышуу, материал чогултуу, аларды анализдөө менен окуу процессинде педагогикалык байкоодон өткөрүү, алар менен иштөө теманы методист менен биргеликте тандап, иштөөнүн формалары жана методдору сунушталды. Аягында студенттер үчүн илим-изилдөө темалары болжолдуу түрдө берилди. Студенттер тарабынан суроолор берилип, алар тастыкталды.
Адаптациялык-педагогикалык практиканын методисттери А.Э.Торобекова, Ж.К.Тажибаева ж.б.лар практиканын жетишкендиктери, кемчилдиктери жөнүндө маалымат беришти. Практикада жакшы иштеген студенттердин маалыматы да көрсөтүлдү. Аягында студенттер тарабынан суроолор берилди. Алар практиканын жол картасы менен иштөөдө, алар боюнча отчет жазууда бир топ кыйынчылыктар бар экендигине токтолушту. Ошондой эле балдарга психологиялык байкоо жүргүзүүнү да жол картага кошуп коюуну сунушташты. Студенттер бул практикадан мектептин документациясы, мугалимдин, мектеп жетекчисинин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, сабактын планын түзүү, сүрөт, музыка, дене тарбия сабактарын, тарбиялык сааттарды өтүү көндүмдөрүнүн калыптангандыгы жөнүндө токтолушуп, бул практика аларды көп нерсеге үйрөткөнүн баса белгилешти. Айрыкча интерактивдүү методдорду колдонуунун, интерактивдүү доска менен иштөө көндүмүн өркүндөтүү зарыл экендигин, практикадан практикалык иш-аракеттерин мындан а