1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

207

1

ӨСҮП, ӨНҮГӨ БЕР ЖАМУ 

Бүгүн 100 жылдык тарыхы бар  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин уюшулган күнү. ЖАМУ уюшулгандан бери   даярдаган адистеринин арасында мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалагандары, мыкты жетекчилери, мыкты мугалимдери бар жана алар  менен сыймыктанабыз. Бүтүрүүчүлөр  Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Ушунун өзү эле университеттин даярдаган адистеринин сапатынын көрсөткүчү.

Майрамдын урматына бүгүн физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы Нусупова Р.С. ФМББ багытынын информатика профилинин И-1-23 тайпасына  “ЖАМУ кечээ, бүгүн жана эртен” деген аталышта  студенттер менен кызыктуу маек уюштуруп,  ЖАМУнун тарыхы, өсүп өнүгүү жолу жана келечеги жөнүндө баяндап берди  жана ЖАМУнун атрибуттары менен тааныштырды. Студенттерди  ЖАМУнун келечегине салым кошууга чакырып, шыктандырды.

Университетибиз өнүгө берсин, коллективди, студенттерибизди майрамы менен куттуктайбыз.