“КАРЫЯЛАР –ӨМҮРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ”

2025-жылдын 1-октябрында Эл аралык карыялар күнүнө карата Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ (И)-1-23 жана (И)-1-24 тайпаларынын студенттери «Карыялар – өмүрдүн тажрыйбасы» аталышында иш чара инститтуттагы улуу муундун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.Иш-чаранын негизги максаты – улуу муунду урматтоо, алардын коомдогу ордун белгилөө жана жаш муунга калтырган баалуу тажрыйбасын даңазалоо болду. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер улуу муунга арналган ырларды аткарып, баяндамаларды окуп беришти. Мугалимдер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп, активдүү катышкан эжеке-агайларга чакан белектер тапшырылды. Ошондой эле студенттер карыялардын жашоодогу ролу тууралуу өз ойлорун айтып беришти. Белгилүү этнограф тарых илимдеринин кандидаты, доцент Эртабылды Сулайманов жаштарга өз насаатын айтып, иш чарага катышкан кононктор уюшуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Бул иш-чара жаштарга улуу муунду урматтоонун жана алардын акыл-насаатынан үлгү алуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.