КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

2025-2026-окуу жылындагы окуу графигине ылайык “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(Ф)-1-22 жана ФМББ(И)-1-22 тайпаларына кесиптик-профилдик практикага жөнөөр алдындагы уюштуруу конференциясы 24.09.2025. күнү болуп өттү. Конферецияда кафедра башчы доцент Р.С.Нусупова жана практика боюнча жетекчиси Р.А.Төрөгулова кесиптик-профилдик практиканын максаттарын, милдеттери жана жол карталары жана алар менен иштөөнүн эрежелерин түшүндүрүп берди. Физика жана информатика кафедрасынын улуу окутуучусу Такеева А.Р., Идрисова Г, Мурзалиев К, Мажиева Д.,Ажикулова Ү.М., окутуучу Назаралиева Э., лаборант башчы Санжарбек кызы Канайым катышып, практика учурундагы айрым проблемалар жана аларды алгылыктуу чечүүнүн жолдору боюнча, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана алдыдагы кесиптик- профилдик практиканы ийгиликтүү өтөп келүүсүнө ишеним көрсөтүштү.