1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

81

МАГИСТРАНТТАР ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮЛДҮ

Окуу процессинин графигине ылайык 2025-жылдын 22-сентябрынан 18-октябрына чейинки аралыкта Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун физика жана информатика багытындагы ФМББ(И)маг-1-24, ФМББ(Ф)маг-1-24 тайпаларынын магистранттары илимий-педагогикалык практикасына жөнөтүлдү. Практиканын алдында аларга атайын конференция уюштурулуп, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы өз сунуштарын айтып өтүштү. Практика боюнча жооптуу улук окутуучусу Ү.М.Ажикулова илимий-педагогикалык практикасынын максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат берип, мурдагы практикалардын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн логикалык уландысы катары анын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле магистранттарга практиканы натыйжалуу өтөөгө көмөктөшүүчү жол картасы сунушталып, практика учурунда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, практика учурунда жүргүзүлгөн иш-аракеттерди туура жана так чагылдыруу максатында атайын иштелип чыккан күндөлүккө маалыматтарды киргизүү тартиби боюнча көрсөтмөлөр берилди