- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
ЖАЛАҢ КЫЗДАР ЖАНА МЕН
2025-жылдын 2-июнунда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогигкалык факультетинин бүтүрүүчү тайпаларынын арасында” Менин кесибим-менин келечегим” аттуу иш чара болуп өттү. Иш-чарага факультеттеги бүтүрүүчү тайпалардын физика жана информатика профилинин “Жалаң кыздар жана мен”командасы, математика профилинин “ Математика илимдердин ачкычы” командасы, физика жана информатика профилинин командасы жана информатика жана эсептөө техникасы профилинин бүтүрүүчүлөрү катышышты. Командалар программада коюлган талаптарга жакшы даярдыкта келгендиги калыстар тобу тарабынан калыс бааланды. Жыйынтыгында “Каганат” командасы баардык тапшырмаларга мыкты даярдыкта келгендигин көрсөтүшүп биринчи орунга, “Жалаң кыздар жана мен” командасы экинчи орунга,”Математика илимдердин ачкычы” командасы үчүнчү орунга жетишишти. Иш-чара жүрүшүндө мыкты сценарийлер, видеороликтер, ырлар, бийлер, ар кандай оюн-зооктор уюштурулуп бүтүрүүчүлөрдүн таланттары көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Иш-чаранын соңунда факультеттин деканы ф.и.д.,профессор Г.С.Токоева, калыстар тобунун төрайымы ф.и.к.,доцент З.С.Калыбекова, мүчөлөрү э.и.к, доцент А.Ш.Макеева, педагогикалык колледждин окутуучусу жана экономика-юридикалык колледжинин окутуучусу Ниязбек уулу Иса жана кафедра башчылары куттуктоо сөз сүйлөшүп диплом, сыйлоо баракчаларын жана белектерин тапшырышып бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен бирге баардык профилдеги магистратурага келип билимдерин улантууга чакырышты. Ак жол силерге биздин сүйүктүү жана сыймыктуу бүтүрүчүлөр