- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Магистердик диссертацияны алдын ала коргоо

Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин Физика жан информатика кафедрасында 550200 Физика-математикалык билим берүү даярдоо багытынын физика жана информатика профилинин бүтүрүүчү курстун магистрдик диссертацияларын алдын ала коргоо болуп өттү.
Иш-чара Физика жана информатика кафедрасынын башчысы п.и. к., доцент Р.С.Нусупованын куттуктоо сөзү менен башталды. ФМББ (Имаг)-1-23, ФМББ (Фмаг)-1-23 группанын магистранттары, магистрдик изилдөө иштеринин жетекчилери жана кафедранын окутуучулары катышты. Магистрлер жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын презентация түрүндө сунушташты. Отурумдун катышуучулары ар бир ишти талкуулашты, сын пикирлерин айтышты жана практикалык сунуштарды беришти.
Алдын ала коргоо жандуу диалогдо өттү, магистранттар жана кафедра мүчөлөрү аларды кызыктырган суроолорду беришти. Магистранттар диссертациялык изилдөөлөрдү коргоого даярдоодогу мындан аркы зарыл иш аракеттердин алгоритми аныкталды.