- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Илимий багыттагы кызматташтык

2025-жылдын 18-апрели күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин биринчи деканы Э.Уметовдун элесине арналган “Азыркы учурдагы билим берүү мекемелеринин негизги көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин жалпы физика кафедрасынын 6 профессордук-окутуучулук курамы келип катышышты.
Конференциянын пленардык жыйынына б.и.к., доцент Хакимов Абдулхаким Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстан тарыхында аттуу мазмундуу баяндамасын жасады. Конференциянын ишине 550200 ФМББ багытынын информатика жана физика профилинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы да активдүү катышты. Конференциянын секциялык иштеринде биздин студенттер жана магистранттар кызыктуу докладдарды жасашып, катышуучулардын көңүлүн бурду. Айрыкча И-1-22 тайпасынын студенттери Николаев Тимурдун, Исабеков Кубанычтын, Имаг-1-24 тайпасынын магистранты Раимжанов Жасурдун, Имаг-1-23 тайпасынын магистранты Сыдыков Хумаюндун докладдары жогорку деңгээлде болгондугу белгиленди.
Андижан мамлекеттик университетинен келген кесиптештерибиз биздин студенттердин билим сапатынын жогору экендигин жана даярдап жаткан болочок адистер коомдун талабына жооп бере тургандыгын, университетте билим алууга түзүлгөн шарттардын жогору экендигин белгилешип, билим берүү, биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү ишке ашырууда кызматташуу сунуштарын беришти.