1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

48

1

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагындагы кызматташуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын  Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда студенттердин жана профессордук – окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, ар бир окуу жылында кызматташып келүүдө.

2024-2025-окуу жылынын жазгы семестринде Андижан мамлекеттик университетинин профессорлук-окутуучулук курамынан жана студенттеринен 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын физика профили боюнча келип студенттери билим алышып, окутуучулар лекцияларды өтүп жатышат.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  17-18-апрель  күндөрү  Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун физика жана информатика кафедрасы  менен Андижан мамлекеттик университетинин  профессор-окутуучулары жана студенттери менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү.  Физика жана информатика кафедрасынын профессору, ф-м.и.к., З.Имонкулов “Электромагнетизм” бөлүмүнөн, Андижан мамлекеттик университетинин профессору Хакимов Абдулхаким,    “Заманбап физиканын актуалдуу проблемалары” , PhD педагогика илимдери   Маматохунов Ёркинбек Абдураимжанович  “Физиканы окутуу усулу” улук окутуучу Исмоилов Умиджон Собиржон угли,  “Механика” деген темаларда  студенттерге кызыктуу лекцияларды  окушуп, студенттерди жана окутуучуларды кызыктырган суроолордун алкагында талкуу жүргүзүштү.

Иш чара “ЫР МЕНЕН ИЛИМ, БИЙ МЕНЕН БИЛИМ” таланттуу физиктер сахнада аттуу физикалык кече менен жыйынтыкталды.