- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Аймактык олимпиададагы ийгиликтер

2025-жылдын 19-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Ош кыргыз - өзбек эл аралык университетинде XII ЖОЖдор арасында аймактык студенттик олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика кафедранын доценти., т.и.к. Н.Т Осмонованын жетекчилиги астында Исабеков Кубаныч, Николаев Тимур, Токторов Максат “Информатика” профили боюнча, ал эми улуу окутуучу Г.И Идрисованын жетекчилиги астында “Программалоо жана алгоритм тили предмети” боюнча Закытжан уулу Дастан Калдаров, Амантур Атагелдиева, Бегайым биринчи орунду ээлешти.
Физика профили боюнча Ф-м.и.к.,доцент З.Имонкуловтун жетекчилиги астында Бекполатова Муфаззал Баходировна- 2 орун, А.К.Мурзалиевтин жетекчилигинде не профиль боюнча Хамраева Машхурахон Нозимжоновна -3 орунга ээ болуштуу. Мындай ийгилик биздин жамаатыбыздын маанайын көкөлөтүп, ишибизге өзгөчө мотивация берди. Студенттербиз окутуучуларынын билимине-илимине жогорку бааларын берип, билимдүү, илимдүү окутуучулардын колунан билим алып жаткандарына ыраазы болушуп, келечекте мыкты адистерден болоруна ишенимдери зор экенин билдиришти. Учурда ордендүү ЖАМУбуздун ооматы ашып, өзгөчө статуска ээ болуп, жамааттын ар тараптан иштешине жагымдуу шарттарды түзүп, мартабасын дагы жогорулатуу үчүн тынымсыз аракеттенип жатат.
Эскерте кетсек акыркы үч жылда катары менен 1-2-3 орундарды ээлеп ийгиликтерди багындырып келүшүүдө.