- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Лабораториялык сабактардын аткарылуусу боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Физика жана информатика кафедрасына бекитилген окуу жүктөмдөрүнө ылайык, адистик багыттагы лабораториялык иштердин аткарылуу сапатына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингди үргүзүү боюнча кафедранын жыйынында талкууланып, мониторинг жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлдү жана ал курам кафедра башчысы п.и.к., доцент Нусупова Р.С., кафедранын профессорунун милдетин аткаруучу Иманкулов З., кафедранын доценти, т.и.к., Осмонова Н.Т. иш алып барышты. Мониторинг учурунда лабораториялык иштердин көрсөтмөлөрүнүн талапка жооп берилиши, студенттердин лабораториялык иштерди аткаруусунун, отчеттуулугунун сапаты, лабораториялык иштерге зарыл болгон каражаттар менен камсыздалышы боюнча анализ жасалды. Мониторингдин жыйынтыгы кайрадан кафедранын жыйынында каралып, талкуу болду. Физика боюнча лабораториялык иштердин абалын жакшыртуу зарылдыгы белгиленди. Заманбап виртуалдык лабораторияларды, программаларды колдонуу, алардын базасын түзүү боюнча сунуштар берилди.