1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

69

1

МАГИСТРАНТТАР БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮЛДҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Физика жана информатика” кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, Имаг-1-24, Фмаг-1-24 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 14-апрелинен 26-апрелине чейин башкаруу практикадан өтүшөт. Бул максатта 11.04.2025. күнү атайын конференция уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө магистердик программалардын алкагында практиканын уюштурулушуна жооптуу ага окутуучу Торогулова Рысбу Авазбековна башкаруучулук практиканын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди. Ал магистранттардын практиканы натыйжалуу өтөөсүнө көмөктөшүүчү жол картасы менен тааныштырды. Мындан тышкары, практика учурунда аткарылган иш-аракеттерди башкаруучулук практика үчүн күндөлүккө туура жана так киргизүү тартиби боюнча, ошондой эле магистранттын жекече иш планы менен практикадан өткөндүгүн тастыктаган күбөлүгүнүн максаты, мааниси жана алар менен иш алып баруу жолдору тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.