- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Python программалоо тилиндеги графикалык Turtle(ташбака) модели менен иштөө темасында ачык сабак

2025-жылдын 11-апрель күнү “Физика жана информатика” кафедрасынын улуу окутуучусу Идрисова Гульбарчын И-1-22 тайпасы үчүн «Python программалоо тилиндеги графикалык Turtle(ташбака) модели менен иштөө » темасында ачык сабак өткөрдү. Ачык саатка Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин деканы, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева. БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент С.М.Ажыкулов, тарых кафедрасынын башчысы, тар.и.к., доцент Анарбаева Гулнора, ФжИ кафедрасынын башчысы Нусупова Роза, улуу окутуучусу Торогулова Рысбу, ППОТ кафедрасынын улуу окутуучусу Темирбаева Гулзад жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер «Pyton программалоо тилиндеги графикалык Turtle(ташбака) моделименен иштөө » боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Практикалык тапшырмалар аркылуу алынган теориялык билимдер бекемделип, ар бир студент активдүү катышуу менен өзүнүн деңгээлин көрсөтө алды.
Окутуучу Идрисова Гульбарчын материалды жөнөкөй жана түшүнүктүү формада жеткирип, студенттердин ар түрдүү суроолоруна жооп берип, практикалык колдоо көрсөттү. Сабактын жүрүшүндө студенттердин кызыгуусу жана жигердүүлүгү байкалып, бул ачык саат алар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болгондугу белгиленди.
Мындай сабактар студенттердин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча компетенциясын арттырып, аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Университетте санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуулар мындан ары да улантылмакчы.