- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Студенттер арасында факультеттик денгээлде олимпиада жыйынтыкталды

2025-жылдын 25-мартында Б.Осмонов атында ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ФМББ профилинин физика жана информатика багытынын студенттеринин арасында профилдик жана профилдик эмес тайпаларында “Программалоо жана алгоритм тили”, “Информатика” боюнча факультеттик денгээлде олимпиада болуп өттү. Информатикадан студенттер Python тилинде программаларды түзүп, тесттик суроолого жооп беришти.
Олимпиаданы кафедранын профессордук- -окутуучулар курамы, т.и.к.- доцент Осмонова Н, улуу окутуучу Идрисова Г, улуу окутуучу Мажиева Д, улуу окутуучу Ажикулова Ү, улуу окутуучу Мурзалиев К, окутуучу Д.Ботоевалар уюштуруп, иш алып барышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында деңгээлдер боюнча тиешелүү орундар аныкталып, информатика профили боюнча 1-орунду И-1-22 тайпасынын студенти Николаев Тимур, 2-орунду Исабеков Кубаныч, 3-орунду Азимжанов Гулнур аныкталды. Ал эми программалооо жана алгоритм тили боюнча 1-орунду ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Закытжан уулу Дастан , 2-орунду ИЭТ-1-23 Калдаров Амантур, 3-орунду ИЭТ-1-23 Атакелдиева Бегайым ээ болуп , информатика профил эмес боюнча 1-орунду БЭк-1-23 тайпасынын студенти Эрнис уулу Бактилек, 2-орунду БЭк-1-23 Курбанбекова Мыскал, 3-орунду ПМ-1-24 Кадиржанова Хайитхон орунга ээ болушту.
Физика профили боюнча 1-орунду Фк-1-23 тайпасынын студенти Джумабаева Халимахон, 2-орун Фк-1-23 Салижанова Розияхон, 3-орунду Ф-1-22 Бекполатова Муфаззал орунга ээ болуп, профил эмес боюнча 1-орунду М-1-24 тайпасынын студенти Калилова Зубаида, 2-орунду ПОВТАС-1-24 Абдумиталипова Айсулуу, 3-орунду ПОВТАС-2-24 Муратбеков Жандарбек орундарга ээ болду.
Тиешелуу орундарга ээ болгон студенттер кийинки университеттик турга сунушталып протоколдор кафедрага тапшырылды.