1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

105

1

Бүгүнкү студент – эртенки мугалим

Учурда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин физика жана информатика  профилинин И-1-22, Ф-1-22 тайпалары кесиптик-базалык практикасын 2025-жылдын 17-февралынан 22-мартына чейин өтөп жатышат. Кафедранын методист окутуучулары шаардагы базалык мектептерде практикасын өтөп жаткан  студенттер  менен тыгыз байланышта болушуп, ар тараптуу методикалык жардамдарын беришүүдө. Ошондой эле алардан сабактарына катышып, практика учурундагы ишмердүүлүктөрүнө күбө болушууда.

Практиканттар класс менен иштөөдө сабакты уюштура билүү, туура пландаштыруу, кайтарым байланыштарды жасоо боюнча иш-аракеттерин көрсөтө алышты. Ошону менен катар эле практика учурундагы туш келген кыйынчылыктарын, ийгиликтерин ачык айтышып, ой бөлүштү. Сабактарга карата кемчиликтер, артыкчылыктар айтылып, ага кошумча практиканын иш кагаздарын толтуруу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.  Учурда практиканттар жетекчилеринин катышуусунда ачык сабактарды уюштуруп өтүп жатышат.

Ошону менен бирге эле методисттер базалык мектептердеги предметтик мугалимдер, класс жетекчилер, окуу иштери боюнча директордун орун басарлары менен жолугушуп, практиканттардын ишмердүүлүгү боюнча ой бөлүшкөндө, практиканттардын даярдык денгээлдери боюнча жакшы ойлорду айтып жатышкандыгын белгилөөдө.