1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Физика жана информатика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

1

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл

Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика кафедрасынын ФМББ(И)-1-21 тайпасында, куратор Төрөгулова Рысбү Абазбековна, 22-октябрда Мурзалиев Каныбек Ф-1-22 тайпаларында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын алкагында Кыргызстандын Кара-Кыргыз автономиялуу облусу катары негизделишинин 100 жылдыгына карата тарбиялык сабактарды өттү. Анда бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жанданышын белгилеп, анын кайра жаралуу жолу курч саясий күрөш менен коштолуп, узак жана татаал болгондугу жөнүндөгү тарыхый окуялар баяндалды. Бүгүнкү мамлекетибиздин байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап жана коргоп келгендиги, улуу ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын жемиши болгондугу баса белгиленди. Кыргыз Республикасынын президентинин, бул жөнүндөгү "Өзүнүн узак тарыхый жолунда Кыргыз мамлекети бирде күч алып, бирде чачылып, ошону менен бирге Борбордук Азияда өзүнүн татыктуу ордун жоготбой келгендигин” – 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгынын жүзөгө ашырылып жаткандыгы экендиги жөнүндөгү маалымат студенттерге өз убагында жеткирилди.