- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ - ЭРТЕҢКИ САНАРИП АДИС .
Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин Физика жана информатика кафедрасы университет тарабынан жарыяланган “Илим айынын” алкагында "БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ- ЭРТЕҢКИ САНАРИП АДИС"- деген темада 15.11.2024 күнү факультеттин деңгээлинде мастер-класс уюштурду.
Мастер класста кафедранын доценти Н.Осмонова студенттерге билим берүүдө жасалма интеллекти пайдаланууга, Д.Мажиева FLIPPITY сайтынын мүмкүнчүлүктөрүн практикада колдонууга үйрөтүштү.
Студенттер да мастер класска активдүү катышып, санариптик технологияны практикада колдонуу боюнча маалыматтарды алышып, бири-биринен үйрөнүшүп, тажрыйба алмашышты.
Жыйынтыгында, студенттер мастер-класс жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, алган билимдеринин практикалык мааниси жогору экендигин белгилешти жана активдүү катышкандарга уюлдук телефондоруна бирдиктер слынып берилди.