- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Физика жана информатика кафедрасы
- Жаңылыктар
Магистранттардын илимий-педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү
2024-жылдын 12-октябрында ФМББ багытынын физика жана информатика профилдеринин 2-курстун магистранттарынын илимий-педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Практиканын жүрүшүндө магистранттар илимий темаларынын алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалаларларды даярдашкан. Конференцияда изилдөө иштеринин натыйжалары, макалаларды даярдоодогу өзгөчөлүктөргө токтолушуп, докладдарды жасашты. Изилдөө иштерине тиешелүү суроолорго жоопторду алып, талкуулашты. Конференциянын дагы бир өзгөчөлүгү, 1-курска кабыл алынган магистранттар практиканын отчетун даярдоо, доклад жасоо боюнча маалымат ала алышты.