- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
АСИМПТОТИКАЛЫК, КОМПЬЮТЕРДИК, ТОПОЛОГИЯЛЫК МЕТОДДОР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН ДОКЛАДДАРЫ УГУЛДУ
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаевдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, студенттердин докладдары окулуп турат.
2024-жылдын 17-февралында ФМББ(М)-1-22 группасынын студенттери: Муратбек кызы Айша “Көп мүчө үчүн Тейлордун катары”, Асанбай кызы Кенжегүл “Туунду менен интегралдын геометриялык мааниси” темаларында даярдалган докладдары угулду, теориялык мазмун практикалык мисалдар менен коштолуп, калган студенттер да көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышышты.
К.С.Алыбаев баяндамаларды угуп, алардын ишине баа берүү менен бирге, кийинки иш-аракеттерге багыт берди.