1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

186

1

БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында 2024-жылдын 3-апрелинде 1-курстун Ммаг-1-23 тайпасынын магистранттарынын башкаруу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

550200 Физика-математикалык билим берүү багыты (математика профили боюнча) (магистр квалификациясы) программа жетекчиси, проф. А.М.Джураев Ммаг-1-23 тайпасынын магистранттары окуу планына ылайык, башкаруу практикасын ийгиликтүү өтөшүп келишкендиктерин белгилеп конференцияны ачып берди.

Конференциянын жүрүшүндө магистранттар башкаруу практикасынын өтөө максатын, милдеттерин атоо менен бирге, башкаруу практикасынын өздөрүнө тийгизге таасири, практика өтөө уюмунун башкаруу системасы, башкаруу объектиси, Билим берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана жалпы орто билим берүүчү мектептин Уставында чагылдырылган документтердеги иерархиялык көз-карандылыктар, мектеп директорунун, анын орун басарларынын, социалдык педагогдун аткарган кызматтары боюнча группанын ар бир магистранттары баяндамаларды жасашты.

Бул практиканын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленүү менен бирге ар бир магистрант өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүктөрүнүн калыптанышына шарт түзүлөөрү айтылды. Магистранттардан башкаруу практикасы мектептеги каникул мезгилине туура келген жумаларга пландалса, каникул мезгилинде аткарылуучу иш-аракеттерге, билим деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн анализин жасоого түздөн-түз тиешелүү иш аткарыша тургандыгын сунуш катары беришти.

Конференция кызыктуу баяндамалар, жандуу дискуссия менен коштолду.