- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
СТУДЕНТТИК КУРАМДЫН КЕЗЕКТЕГИ БАЯНДАМАСЫ УГУЛДУ
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаевдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, математика адистигинин студенттеринин кийинки кезектеги мүчөсү өзүнө бөлүнгөн тема боюнча баяндама жасады.
2024-жылдын 3-апрелинде ФМББ(М)-1-21 группасынын студентти Маратбек кызы Айдаананын “Монотондуулук, үзгүлтүксүздүк жана туундунун ортосундагы байланыштар” темасына даярдалган баяндамасы угулду, байланыштарды ачып берүү үчүн, алгач, алардын аныктамаларын формулировкалап, аларды байланыштырган закон-ченемдүүлүктөрдү баяндады.
К.С.Алыбаев баяндаманы системалаштырып, теманын баалуулугун ачып берүү максатында түшүндүрмөлөрдү берип, Айдаанага кийинки кадамдарда аткара турган ишмердүүлүккө тапшырма берди, ал эми калган катышуучуларга мисалдар берилип, алар практикалык ишти аткаруу менен бүгүнкү баяндама жыйынтыкталды.